Кыргызстандын үч банкы – «РСК», «КЫРГЫЗСТАН» жана «Керемет» банктарынын процессингдери Россиянын процессинг борборлорунда жайгашкан. Эгерде санкциялар Россиянын процессинг борборлоруна киргизилсе, Кыргызстандагы Visa жана Mastercard карталарынын ээлери карталарын колдоно албай калышат. Бул тууралуу Economist.kg сайтына өздүк булактар билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн мүмкүн экенин эскертип, бирок кайсы банктардын процессингдери Россияда тейленээрин жарыялаган эмес.
Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну сунуштаган.
Белгилей кетсек, «Элкарт» карталары менен Россия, Беларусь жана Арменияда төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Visa компаниясынын өкүлдөрү Economist.kg сайтына Россиядагы кырдаал алардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө таасир этпей турганын билдиришкен.