Кыргызстан акыркы 5 жылда жол тармагына 6 млрд сомго көп каражат сарптай баштады

Кыргызстан акыркы 5 жылда жол тармагына 6 млрд сомго көп каражат сарптай баштады

5 жылдын ичинде жолдорду курууга жана оңдоого бөлүнгөн финансылык каражаттардын көлөмү 10 млрд 139 млн сомдон 16 млрд 543 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

  • 2018-жылы каржылоонун жалпы суммасы 10 млрд 139 млн сомду түзсө, аткарылган иштердин көлөмү 558 км (анын ичинен 374 км асфальт-бетон төшөлгөн) түзгөн.
  • 2019-жылы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 млрд 752 млн сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 754 чакырымды түзгөн (анын ичинен 425 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).
  • 2020-жылы коронавирустук инфекция пандемиясынан улам аткарылган жумуштун жалпы көлөмү болгону 314.4 чакырымды түзүп, ага 7 млрд 133 млн сом сарпталган.
  • 2021-жылы жолдорду курууга 12 млрд 273 млн сом каралып, 280 чакырым жол курулуп, оңдолгон (анын ичинен 186 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).
  • 2022-жылы 661.5 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 млрд 543 млн сом бөлүү пландалууда (анын ичинен 406 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Министрлер кабинети белгилегендей, жолдорду курууда зарыл болгон жол жээгиндеги инфраструктураны, мисалы, май куюучу жайларды, дааратканаларды, медпункттарды, коомдук тамактануу жайларды түзүүгө каражат каралышы зарыл.

Кошумча окуңуз: Жолдорго берилген тышкы насыялар. 18 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери