«Фрунзе» дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди. Бул тууралуу дүкөн социалдык тармактардагы баракчасында жазды.
«Товарлар бүт кардарларга жетиши үчүн биз кээ бир өтө чоң суроо талапка ээ азыктарга убактылуу чектөө киргизип жатабыз. Ажиотаж жаратпаңыздар, дүкөндүн текчелерин күнүгө азыктарга толуктап турабыз», – деп айтылат билдирүүдө.
Бирок билдирүүдө кайсы азыктарга чектөө киргизилгени айтылган эмес.
Эскерте кетсек, Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.