Учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, бул максатта республикалык бюджеттен 321.9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу калктын жана турак-жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесинде белгилүү болгонун Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Ал белгилегендей, учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, бул максатта республикалык бюджеттен 321.9 млн сом бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо өтөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. КРнын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.