Дыйкандарга 339 млн сомго 544 насыя берилди – «Айыл Банктын» депутатка жообу

Дыйкандарга 339 млн сомго 544 насыя берилди –  «Айыл Банктын» депутатка жообу

Бүгүн эртең мененки абалга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) программасынын алкагында жылдык 6% менен 338.7 млн ​​сом суммасында 544 насыя берилди. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Айыл Банк» ААКдан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит бербегенин, дыйкандарга деп берилген кредиттер аларга жетпегенин айткан болчу.

«Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан кредит берилбей жатат, дыйкандар ала албай жатышат. Бизге күнүгө толтура кайрылуулар түшүп жатат», – деген депутат.

«Айыл Банк» 9.5 млн сомго үрөн түрүндөгү 198 товардык кредит берилгенин жана жалпысынан 2022-жылдын башынан бери 3.3 млрд сом суммасында 9 510 насыя бергенин билдирди.

Аталган банк кредиттик адистер дем алыш жана майрам күндөрү да – күн сайын саат 22:00гө чейин иштеп жатышканын кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери