Кыргызстанда бүгүн, 11-мартта түштө доллардын сатуу курсу 106.5 сомго жетти. Бир сутка ичинде америкалык валюта дээрлик 1 сомго өстү – кечээ эле сатуу курсу 105.7 сом болчу.
Бүгүн түштө valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу баасы 103.5 сомдон 106.5 сомго чейин болсо, сатуу курсу 106.5 сомду түзүүдө.
Ал эми Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 103.12 сом/1 доллар өлчөмүндө аныктады.