Бүгүн, 11-мартта «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында депутат Шаирбек Ташиев мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүнө нааразы экенин айтты.
Анын айтымында, «Айыл банкта», «РСК банкта» жана «Керемет банкта» кардарлар үчүн тийиштүү шарттар каралган эмес.
«Мамлекеттие банктардын бир шаарда бир гана филиалы иштегендиктен, насыя алгандар да, пенсия алгандар да катар туруп, кезек күткөндөр көп. Маселен, Жалал-Абад шаарында ушундай көрүнүш көнүмүшкө айланган. Ал эми коммерциялык банктар бардык жерде бөлүмдөрүн ачып, банкоматтарын орнотуп койгон. Муну менен катар кызматкерлеринин айлык маянасы да жогору. Андыктан аталган маселеге көңүл буруп, мамлекеттик банктардын бөлүмдөрүн бардык жерде ачып, банкоматтарын да көбөйтүү керек», – дейт депутат.
Депутат ошондой эле мамлекеттик банктар жана каржылык уюмдар коммерциялык жеке банктар менен атаандаша албай жатканын кошумчалады.