Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» ЖЧК Талас –Бишкек жолун тазалоого Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам берүү үчүн кызматкерлерин жана техникасын жөнөттү.
Өтмөк ашуусундагы кар көчкү жана жолдогу муз менен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары эки күндөн бери күрөшүп жатышат.
«Учурда ал жерде автотранспорт башкармалыгынын башчысы Бакыт Анапияев жетектеген «Альянс Алтын» ишканасынын сегиз кызматкери – айдоочулар, жүктөгүчтөр жана жол жумушчулары иштешүүдө. Алар алдыңкы жүктөгүчтү, бардык жерде жүрүүчү сүйрөөчү машинаны жана кум-шагылды төгүү үчүн самосвал сыяктуу атайын техникаларды колдонушууда.
«Альянс Алтындын» кызматкерлери эки сменде иштешүүдө. Алар жолду тазалап, ашуудагы кыймылды ачып гана тим болбостон, тыгылып калган жүк ташуучу унааларды, тракторлорду кар күрткүсүнөн чыгарууга да көмөктөшүүдө», – дейт Таластагы алтын комбинатынын башкы механигинин орун басары Тимур Оторбаев.