«Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүрүү алдында турабыз, парламент колдоп берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Жапаровдун айтымында, «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды жана мындан ары алтын кенге Кыргызстан өзү ээлик кылат.
«Кечээ күнү парламент колдоп берди. Буюрса, алар менен да коштошуп, мындан ары кыргыздардын алтыны Кыргызстанда калат», – деди ал.
Эскерте кетсек, 9-мартта Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин «Центерра» менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча токтомун жабык эшик артында караган эле. Депутаттар жыйындан соң кен тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан болчу.