11-мартка карата 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 11-мартына карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 114 миң 976 – электрондук түрдө.
Тапшыргандардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң 867 жеке жак, 4738 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 17 миң 978 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.