Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Улуттук банктын төрагасын парламентке чакырууну сунуштады.

Депутат азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн жана резервдик фонддун өкүлдөрүн да чакыруу керектигин айтты.

«Дүйнөдө баары кымбаттап жатат, бирок Кыргызстанда азык -түлүк өзгөчө кымбаттап кетти. Улуттук банктын төрагасын чакырсаңыздар, доллардын баасы 100 сомдон ашып кетти. Аткаруу байлиги келип, кризистен чыгуу жолдорун айтып берсин», – деди Осмонов.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов да доллардын курсунун кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Ал экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө Антикризистик программалар кабыл алынганын, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 10-мартта саат 11.40га карата доллардын курсу 106.3 сомго көтөрүлдү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери