Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 10-мартында пландан тышкаркы отурумда эсептик ченди (негизги ченди) 400 базистик пунктка 14%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы кабарлады.
УБ мындай чечим КРгы инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынганын билдирди.
Чечим 2022-жылдын 10-мартынан тартып күчүнө кирет. Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда РФга карата киргизилген санкциялардан улам фундаменталдуу факторлор менен шартталган алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү байкалууда. Орус рублинин алмашуу курсу бир доллар үчүн 116-120 рублга өскөн.
«Өз тарабынан Улуттук банк тышкы чөйрөдө жана ички валюта рыногунда түптөлүп жаткан жагдайга кылдат көз салып турат, зарылчылык келип чыккан учурда, тиешелүү чараларды колдонот. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүп жатат жана бардык зарыл болгон жөнгө салуу инструменттерин колдонууга киргизет», – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 10 күн мурда эле Улуттук банк эсептик ченди (негизги чен) 10%га чейин көтөргөн.