Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат

Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат

Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга макул болгон, Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди министрдин орун басары.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков Москвага чартердик рейстерди көбөйтүү керектигин айткан эле.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери