«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ААКтын уставдык капиталы 2022-жылдын ичинде 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.
Долбоордун милдети болуп, чакан жана орто бизнестин ишкерлерин жеткиликтүү кредиттик каражаттар менен камсыз кылуучу финансы институту катары «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ААКтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен республикадагы чакан жана орто ишкердикке мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө, мамлекеттин ролун күчөтүү саналат.
Буга катар «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Финансы министрлигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.
«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү
- иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү
- ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү
- микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.