Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит берген жок деген маалыматты айтты.
Анын айтымында, дыйкандарга деп «Айыл банк» аркылуу берилчү кредиттер дыйкандарга жеткен эмес.
«Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан кредит берилбей жатат, дыйкандар ала албай жатышат. Бизге күнүгө толтура кайрылуулар түшүп жатат», – деди депутат.
Эскерте кетсек, Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун бекитип, Финансы министрлигине коммерциялык банктарга пайыздык үстөктөрдү субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүүнү тапшырган. Мындан тышкары, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга чакырган болчу.
Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар «Айыл банк», «РСК»,«Керемет банктары» аркылуу берилип жатканын, жалпысынан, айыл чарба багытына 26 млрд сом бөлүнгөнүн айткан.
Ошол эле кезде «Айыл банктын» расмий сайтында «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) мамлекеттик программасынын алкагында «Өсүмдүк өстүрүү» категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн кошумча шарттар тууралуу маалымат келтирилип, жеңилдетилген кредиттер кезекке ылайык берилери айтылган.