Ушул тапта Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин «Центерра» менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча токтомун жабык эшик артында карап жатат.
Бүгүн, 9-мартта президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов 2022-жылдын 4-мартындагы Кумтөр боюнча канадалык тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн шарттары жана форматы жөнүндө токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгонун билдирди.
Натыйжада, бүгүн, саат 14.00дө башталган жыйында өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндөгү маселе жабык эшик артында каралып жатат.