Салык кызматы алкоголду жашыруун өндүргөн 3 цехти аныктады

Салык кызматы алкоголду жашыруун өндүргөн 3 цехти аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда алкоголдук продукцияны жашыруун өндүргөн 3 цехти аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Жашыруун цехтерде алкоголду кустардык жол менен өндүрүү, сатуу жана сактоо, ошондой эле шектүү акциздик маркаларды колдонуу фактысы аныкталган.

Цехтин ээлеринде товарга карата лицензия, коштоочу документтер (сертификаттар, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жок болгон.

Жыйынтыгында кустардык өндүрүштөгү жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрүнүн ар кандай бренддериндеги 1 миң 414 бөтөлкө алкоголдук продукция, 1 миң 709 даана пайдалана элек акциздик марка, 145 литр этил спирти (95%), 5 миңден ашык этикетка жана 2 миңден ашык капкак тартып алынды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери