Кыргызстанга жүк ташуучу жарым вагондордун кезектеги партиясы келди – Сүрөт

Кыргызстанга жүк ташуучу жарым вагондордун кезектеги партиясы келди – Сүрөт

Бүгүн, 9-март күнү 30 даана жүк ташуучу жарым вагондор жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельстер келди. Бул кезектеги партия экенин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы ишкана өз каражаттарынын эсебинен 100 даана жарым вагондорду, 20 км жаңы рельстерди сатып алган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 50 даана  жарым вагон, 11 км Р65 тибиндеги рельс келген.

Жүк ташуучу жарым вагон атмосфералык жаан-чачындан коргоону талап кылбаган жүктөрдү, мисалы, борпоң, кесек, даана жүктөрдү, курулуш материалдарын, металл конструкцияларын жана башка жүктөрдү ташыйт.

«Р65 тибиндеги рельстин 1 метринин салмагы 65 кг түзөт, ал P43, P50 типтердеги рельстин түрүнө караганда бышыгыраак келет. Рельстердин кезектеги партиялары келген сайын, эски рельстерди жаңысына алмаштыруу иштери жүрүп жатат», – деп билдиришти мекемеден.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери