Кыргызстанда 713 миң жаран пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, анын 49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия берилет.
- Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду түзгөн.
«Учурда 713 миң жаран пенсия алат. Азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу Министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырууда. Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт», – деди Алиев.
Эскерте кетсек, бүгүн жыйында Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү жана 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.