Кыргызстан кыйла «жумшартылган» акча-кредит саясатын жүргүзүүдө – эксперт

Кыргызстан кыйла «жумшартылган» акча-кредит саясатын жүргүзүүдө – эксперт

Учурда инфляция – бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн эле олуттуу көйгөй болуп саналууда, бирок Кыргызстан кандайдыр бир деңгээлде инфляциянын импорту жана акча-кредит саясаты менен өзгөчөлөнүүдө. Бул тууралуу Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунун презентациясында ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча жетектөөчү экономисти Эрик Ливни билдирди.

Өткөн жумада ЕРӨБдүн 2021-2022-жылдардын өткөөл мезгили боюнча «Системаны модернизациялоо: санариптик дивиденддерди алуу» деген аталыштагы отчетунун бет ачары болуп өттү. Отчет санариптештирүү, өлкөлөр ортосундагы инфраструктура жана финтех ортосундагы айырмачылыктарга багытталып, алардын өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кандай таасир этээри талданган.

Экономист өлкөдөгү инфляция көбүнчө импорттук дүйнөлүк баалардын өсүшүнө байланыштуу экенин айтат.

«Кыргызстанда акча-кредит саясаты дагы бир топ эле жумшак. Улуттук банктын экономикага берген кредитинин баасы азыркы инфляциянын деңгээлинен төмөн. Инфляция жогору, акчасы арзан дагы бир өлкө катары Монголияны айтса болот», – деди ал.

Ливни ошондой эле республиканын тышкы карызына да токтолду. Анын айтымында, узак, жада калса орто мөөнөттүү келечекте Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) болжолу боюнча карыздын жүгү азаят.

«Быйыл салыктык кирешелерди көбөйтүү менен бюджеттин тартыштыгын кыскартууга мүмкүн болду. Эл аралык резервдер да өстү. Валюталык резервдер импорттун 6 айын жабат, андыктан жагдай өтө жаман эмес», – деди эксперт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери