Күйүүчү май дагы кымбаттайт – келишимдер доллар менен түзүлгөн

Күйүүчү май дагы кымбаттайт – келишимдер доллар менен түзүлгөн

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов бүгүн, 9-мартта «Биринчи радионун» түз эфиринде доллардын көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасы дагы кымбаттай турганын билдирди.

Анын айтымында, бул сомдун девальвациясына жана Россия менен импорттук келишимдер доллар менен түзүлгөнүнө байланыштуу болууда. Доллар акыркы эки жумада 14 сомго көтөрүлүп, бул өз кезегинде күйүүчү майдын кымбатташына алып келген.

«Доллардын бир сомго көтөрүлүшү бир литр бензиндин баасынын 60 тыйынга кымбатташына алып келет», – деди Эшатов.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси жазгы талаа жумуштарына быйыл 100 тонна КММ керек экендигин жа ал көлөм жетиштүү экенин, ал мурда эле алынып келингенин да кошумчалап өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бир жылда 1.4 млн тонна күйүүчү май керектейт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери