Германияга стажировкага жеке ишкерлердин арыздарын кабыл алуу башталды

Германияга стажировкага жеке ишкерлердин арыздарын кабыл алуу башталды

КРнын Соода-өнөр жай палатасы Германияга стажировка боюнча жеке ишкерлерден арыздарды кабыл ала баштады.

КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлигинин Fit for Partnership with Germany биргелешкен программасы төмөнкүлөрду камтыйт.

  • 10 айлык стажировка, анын ичинде 2 жума Германияда
  • Немис ишканалардын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу
  • Чет элдик жеке ишкерлер менен түздөн-түз байланышуу
  • В2В жолугушуулар
  • Эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү
  • Өздүк бизнестин атаандаштыгын күчөтүү
  • Шык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү
  • Программанын 21 мамлекеттен 15 миң бүтүрүүчүлөрү менен өз ара кызматташуу.

Арыздар 2022-жылдын 20-мартына чейин кабыл алынат.

Программанын мүнөздөмөсү:

  • Таанышуу этабы – 2 жума
  • Окутуу этабы – 8 жума

Анын ичинде:

  • Онлайн окутуу – 6 жума
  • Германияда болуу – 2 жума
  • Ишке ашыруу этабы – 6 ай

Тандоого катышуу үчүн талаптар:

  • Жогорку билим
  • Ишканада башкаруучулук жана кесипкөйлүктүн эң кеминде 2 жылдык тажрыйбасы
  • Эң кеминде 5 жылдык стаж
  • Талапкер немистик компаниялар менен кызматташууну жөнгө салууга кызыктар болгон ишканадан болушу шарт
  • Талапкердин бизнес-долбоорлор боюнча так, даана идеялары болушу керек
  • Орус жана/же англис тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү (эки топ болот)
  • Жогорку коммуникативдик жана тартуулай билүү жөндөмдүүлүгү.

Талаптарга төп келгендер оозеки маектешүүгө чакырылат.

Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер баштыгын алуу үчүн managerprogrammkg@gmail.com дарегине жазыңыздар (каттын темасына толук аты-жөнүңүздү жана «Германияда стажировка» деп баш сабын көрсөтүңүз). Кошумча суроолор боюнча 0312 90 15 20, 0770 880 818 телефон номурларына чалса болот.

Маалымат үчүн:

Fit for Partnership with Germany Программасы КРда 2007-жылдан тарта иштейт. 2017-жылдан баштап ал КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору (БББ) аркылуу ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө программага 300дөн ашуун кыргызстандык ишкерлер катышты. Немистик ишкерлер менен өз ара аракеттенүүдөн улам эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу өнүгүп, көзгө илинээрлик натыйжаларды бере алды: 2017-2019-жылдары эки өлкө ортосунда товар алмашуу 26 млн еврого жакындады.

Программанын аркасында учурда немистик өнөктөштөр менен ийгиликтүү иштеп жаткандар: «Адал Азык» ЖЧКсы, «Куликовский» СМ, «М-Вектор» ЖЧКсы, Eurasia Group KGZ ЖЧКсы, «Алайку Органикс» ЖЧКсы, Asian Med Trade ЖЧКсы, Nomad Greenhouse ЖЧКсы ж.б.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери