Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Дүйнөлүк практикага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн эки багытта каржылык жардам алышат: инвестициялык долбоорлор жана бюджеттик колдоо.
2021-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен КРнын өнүктүрүү программасынын алкагындагы келишимге ылайык, жогоруда аталган 80 млн доллар өлчөмүндө зайым каражаттары республиканын бюджетин колдоого берилет.
Жогоруда аталган каражаттар республиканын экономика тармагын колдоого жумшалат:
- туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо
- КРнын өнөр жайын өнүктүрүү жана колдоо үчүн «Кыргызиндустрия» ААКсын каржылоо
- Ишкердикти колдоо фондун каржылоо (чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү)
- Энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объекттерин жакшыртуу үчүн бюджеттик кредит берүү.
«Белгилеп кетсек, аталган тармактарды каржылоо республиканын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берип, бул келечекте мультипликативдик эффект берет жана тартылган каражаттарды кайтарып берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө жакшы таасирин тийгизет», – деп билдиришти ведомстводон.