2022-жылдын 10-мартынан тартып Mastercard төлөм системасы Россиянын аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу «Айыл Банк» ААК билдирди.
Бул ушул күндөн тартып, КРнын банктары тарабынан чыгарылган бардык Mastercard карталарын, анын ичинде «Айыл Банк» ААКсынын карталарын Россиянын чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында тейлөө токтотулат дегенди билдирет.
Ошентип, жакында Россияда КРнын банктарынын карталары менен төмөнкү операциялар жеткиликсиз болот:
- банкоматтар аркылуу накталай акча алуу
- соода түйүндөрүндө Pos-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
- россиялык интернет-дүкөндөрдөн онлайн сатып алуу.
«Айыл Банк» ААКсы тарабынан чыгарылган Mastercard карталары Кыргызстанда жана РФдан башка өлкөлөрдө кадимкидей иштей берет.
«Айыл Банк» ААК Россиянын аймагында жайгашкан кардарларга алдын ала жетиштүү суммадагы накталай акчаны алууну жана ири чыгымдар үчүн (мейманкана, билеттер ж.б.) алдын ала төлөөнү сунуштайт.