Пономарев: Салык кодекси боюнча 20дан ашык сунуш жөнөттүк, бирок жооп алган жокпуз

Пономарев: Салык кодекси боюнча 20дан ашык сунуш жөнөттүк, бирок жооп алган жокпуз

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев жаңы Салык кодекси боюнча 20дан ашуун жазуу жүзүндөгү сунуштарды жөнөтүшкөнүн, бирок эч кандай жооп болбогонун айтты. Бул тууралуу ал «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.

Пономарев мамлекетти эффективдүү башкаруу үчүн салык төлөөчүлөр өздөрүн ыңгайлуу сезиши керектигин, экономиканы өнүктүрүү үчүн кайтарым байланышты камсыздоо маанилүү экенин баса белгиледи.

«Биз мурда парламентке келгенде бизден «Бизнес, кандай ойлойсуңар?» деп сурашчу. Ооба, биз да ката кетиришибиз мүмкүн, бизнес, эксперттер, мамлекеттик органдар ката кетириши мүмкүн, бирок баарын талкуулай билүү маанилүү. Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгы бардык сунуштарга жооп бергенин айтканын укканда абдан таң калдым», — деди ал.

Белгилей кетсек, тегерек стол  Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери