Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев контрабандалык товарларды ККМди киргизбей туруп эле көзөмөлдөсө болоорун айтты. Бул тууралуу ал «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.
Ал логистикалык бизнесте жеткирүү чынжырынын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар экенин түшүндүрдү.
«Бизде товарларды импорттогон 40тай оператор бар, бирок чекене соодада канча субъект иштейт? Жүз миңдеген. Кимди көзөмөлдөө оңой – 40 оператордубу же 460 миң соода субъектиби?», – деди ал.
Ал ошондой эле мамлекет жаңы Салык кодексин элге түшүндүрүү иштерин начар жүргүзгөнүн кошумчалады.
«Салык кодекси – бул ишкерлердин конституциясы. Көптөгөн мамлекеттик органдар маалыматты жеткирүүнү билбегендиктен тузакка илинди. Адистер жок», – деп кошумчалады Пономарев.
- Белгилей кетсек, тегерек стол Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган болчу.