Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев кайсы ишкерлер ККМди мобилдик тиркемеге алмаштырса болоорун жана кимдер ал кассалык аппараттын өзүн колдонушу керектигин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо айтып берди.
Анын айтымында, кардарлардын агымы аз чакан ишканалар колдоно ала турган программалык камсыздоо иштелип чыккан.
«Мисалы, батирлерди ижарага бергендердин кардарлары көп эмес жана алар мобилдик тиркемени колдонсо болот. Калганына 30 миң ККМ аппаратын сатып алдык, алар ишкерлерге бекер таратылат», – деди министр.
Аппараттарды алган ишкерлер 200 сомго жакын тейлөө акысын төлөшөт.
Экономика жана соода министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков кошумчалагандай, ишканалар программалык камсыздоону ККМге эсепке алуу системасына интеграциялай алышат.
- Белгилей кетсек, тегерек стол Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган.