Иликтөө функцияларынын берилиши Салык кызматынын сервистик орган болушуна тоскоол болбойт – Нурлан Умтулов

Иликтөө функцияларынын берилиши Салык кызматынын сервистик орган болушуна тоскоол болбойт – Нурлан Умтулов

Салык кызматы кызмат көрсөтүүчү орган болууга умтулат. Иликтөө функцияларынын берилиши буга тоскоол болбойт, анткени алар өзүнчө түзүмдүк бөлүмдө болот. Бул тууралуу «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди.

«Мисалы, Биринчи Май районунун Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы кандай болсо, ошол бойдон эле калат. Учурда мыйзам алдындагы актылар иштелип жатат», – деди ал.

Умтуловдун айтымында, иликтөө функциялары Казакстан менен чек арадагы оперативдүү иштерди жүргүзүүгө, салык төлөөчүлөрдү издөөдө керек.

«Кылмыш иштерине келсек, негизинен бул жерде эч кандай маселе жок, анткени оперативдүү кызматтар тергөөчүлөрдүн тапшырмасы менен иштейт. Булар менен Салык кызматы алектенеби же ИИМби – айырмасы жок, кылмыш иштеринин алкагында бул процесс жайгарылса болду.

Экинчи жагынан, салык төлөөчүлөр үчүн жакшы жактары бар. Эски Салык кодекси боюнча кылмыш иши козголсо, салык төлөөчү ага каршы даттанууга укугу жок болчу. Эми жаңы кодекс боюнча бизде суроо-талап функциялары бар болгондуктан, салык төлөөчү арызданууга укуктуу. Бардык жол-жобосу камтылган. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу бар экени далилденсе, ал кылмыш ишинин алкагында каралат», – деди бөлүм башчынын орун басары.

Белгилей кетсек, тегерек стол  Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери