Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайларында бирдиктүү салык ставкасын азайтууга даяр

Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайларында бирдиктүү салык ставкасын азайтууга даяр

Коомдук тамактандыруу ишканалары жана Экономика министрлиги бирдиктүү салык ставкасынын өлчөмү боюнча иш тобун түзөт. Бул тууралуу 2-мартта «Жаңы Салык кодексинин шартындагы бизнес: Аман калуу» кереге кеңешинде Алдыңкы рестораторлор жана отельерлер ассоциациясынын президенти Евгений Тян билдирди.

Анын айтымында, бийлик мурда эсептелген, кургак цифраларга таянууда. Азыр болсо 6% ставка да чоң зыян келтириши мүмкүн.

«ХоРеКа клуб ассоциациясынын» директору Гүлзат Раимбекова билдиргендей, коомдук тамактандыруу рыногуна зыяндуу салык төлөбөгөндөр сыяктуу мамиле жасалат.

«Баары ачык жана тунук иштейт деп айтканыбыз жок. Ооба, ошондой ишканалар бар экенине биз макулбуз. Бирок, консенсуска келүү үчүн сабаттуу экономикалык негиздеме керек. Биз салык келишимдери боюнча иштеген жылдары ставка 2% эле. Ал эми Салык кызматы мунун 6.3% деп көрсөтүп жатат. Ошондуктан Экономика министрлиги аны азайтууга даяр», — деди ал.

Рынок көмүскөдөн чыгып, салык төлөөгө даяр, бирок кол жеткен цифралар керектигин баса белгиледи Раимбекова. Мурдагы чыдагыс пайыз калса (жаңы Салык кодексинде 8% – ред.эскертүүсү), көпчүлүк ишканалар жабылат.

Коомдук тамактандыруу жайлары менен Экономика министрлигинин ортосунда цифралар боюнча келишпестиктер бар. Бирок, бирдиктүү салык ставкасы өтө эле оор экенин далилдеп берүү үчүн ишканалар өзүндө хронометраж өткөрүүгө даяр.

Белгилесек, кереге кеңешти Economist.kg басылмасы уюштурган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери