«Оптима Банк» картадагы валютанын конвертациясы тууралуу пайда болгон көйгөй жөнүндө кардардын арызына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу банк Economist.kg басылмасына маалымдады.
«Учурда банктын баардык сервистери жана тейлөө кызматы штаттык тартипте иштеп жатат, бирок дүйнөлүк рыноктогу жогорку волатилдүүлүктөн улам, автоматтык конвертацияда кардар техникалык овердрафтка туш болуп калуу коркунучунан сактап калуу максатында, мультивалюттук карталардагы операциялар чектелген. Мындан тышкары, мультивалюттук карталардагы операцияларга анын жалпы суммасынын 7%на мультипликатор орнотулган.
Карта эсебиндеги терс баланстын пайда болушунун себеби, картадагы акча калдыгы (евро, АКШ доллары, рублдик валюта эсептери) негизги эсептеги кыргыз сому КР Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча саналгандыктан, мультивалютадагы карта минуска кеткен, бирок чет өлкө валютасында конвертация же операция жүргүзүлгөн мезгилде валютаны сатып алуу боюнча банктын коммерциялык курсу пайдаланылат.
Мисалы, 2022-жылдын 28-февралында Улуттук банк 1 рублге 1.065 сом деп эсептик курсун аныктаган, ал эми банктын коммерциялык сатып алуу курсу 1 рубль 0.65 сом деп аныкталган.
Акча которууда, банкоматтан сом менен алууда, эгер сиздин сомдук эсеп балансыңызда керектүү сумма (сом менен) жетишсиз болсо, банк системасы керектүү сумманы валюттук эсептен алат. Операциянын суммасы банк валюттук эсептен кошумча алган сумманы эске алуу менен эсептик курс боюнча блоктолуп, ал эми келишим жабылып жатканда (акыркы эсептешүү) банктын сатып алуу же сатуу боюнча коммерциялык курсу боюнча алынат.
Мультивалюттук карталардын иштөө өзгөчөлүгү «Оптима Банк» ААКнын банк карталарын пайдалануу эрежелеринде жазлган.
Мисалы, сиз картаңызга 10 миң рубль алдыңыз. Ал каражат түшкөн күнү, 2022-жылдын 28-февралында Улуттук банктын эсептик курсу боюнча 1 рубль 1.065 сомду түзгөн. Сиз 10 миң рублди банкоматтан алганда, колуңузга 10 650 сом тийди. Сиз 10 650 сомду алып жаткан учурда, валюттук рынокто жогорку волатилдүүлүк жаралып, рублди сатып алуу боюнча банктын коммерциялык курсу 1 рубль үчүн 0.65 сомго түшүп кетти.
Келишим жабылып жатканда (акыркы эсептешүү) 2022-жылдын 28-февралында, 10 миң рубль 1 рубль 0.65 сом 6 500 сомго конвертацияланган. Ал эми сиз банкоматтан 10650 сом алгандыгыңызга байланыштуу, келишим убагында сизде иш жүзүндо 6500 сом бар эле, иш жүзүндө алынган сумма менен валюттук эсептеги сом эквивалентиндеги сумма ортосунда айырма болгондуктан, минуска кетип, сиздин картаңызда техникалык овердрафт пайда болгон.
Банктын кызматкерлери бөлүмдөргө кайрылган же, «Оптима Банктын» байланыш борборуна чалган баардык кардарларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ыңгайсыздык келтиргенибиз үчүн кечирим сурайбыз!