«Бишкексууканалда» ордо калаабыздын түштүк аймагында жаңы курулган көп батирлүү үйлөргө техникалык шарттарды берип, сууга жана канализацияга коштуруу боюнча жемкорлук схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 20 курулуш компаниясы (аброюна залака келтирбөө максатында курулуш компаниялардын реквизиттери аталбайт) «Бишкексууканал» бюджетине 311 млн сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды. Учурда куруучулар зыян келтирилген акчанын жарымын төгүп бергенин мекемеден билдиришти.
УКМК берген маалыматка ылайык, «Бишкексууканалдын» жооптуу кызматкерлери 2018-жылдан 2021-жылга чейин айрым курулуш компаниялары менен сүйлөшүп алып, техникалык шарттарын берип, муниципалдык ишкананын бюджетине тийешелүү каражатын төлөтпөстөн 23 курулуш объектилерин коштурган.
Кылмышын жашыруу максатында, «Бишкексууканал» кызматкерлери сууга коштуруп, башка тийешелүү документтерин алгандан кийин техникалык шарттарын кайта чакыртып алчу экен, бирок курулуп жаткан же курулуп бүткөн объектилер иш жүзүндө тармактарга кошулган бойдон калчу.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 6-февралындагы Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, Бишкектин түштүк аймагындагы курулган үйлөрдү тармактарга коштуруудан түшкөн каражат «Бишкек шаарын суу менен камсыздандыруу жана канализациясын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында ЕРӨБдөн алган насыяны төгүүгө жумшалат. Мындан тышкары, ал каражат суу түтүктөрү менен канализация түйүн магистралдарын курууга жумшалмак, дешти мамкомитетте.
Учурда бул ишке тийешелүү башка адамдар аныкталууда. Мындан тышкары, жемкорлук схемасын уюштурган «Бишкексууканалдын» кызматкерлери жоопко тартылмакчы. Келтирилген чыгым толугу менен калыбына келтирилгенден кийин, ал каражат тийешелүү максаттарга жолдонмокчу, деп кошумчалашты УКМКда.