Кыргызстандыктарды кант менен камсыздаш үчүн 115 миң тонна таза кумшекер өндүрүлүш керек

Кыргызстандыктарды кант менен камсыздаш үчүн 115 миң тонна таза кумшекер өндүрүлүш керек

Кыргызстандыктарды кант менен толук камсыздаш үчүн республика 115 миң тонна таза кумшекер өндүрүш керек. Мындай маалыматты бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы 45 миң тонна гана кант кызылчасы өндүрүлгөн.

«Ал эми кыргызстандыктардын ар биринин физиологиялык талабы 20-25 кг болсо, биз 110-115 миң тонна таза кумшекер өндүрүшүбүз керек», – деди министр.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон орточо жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн 50-60%ын гана жабат. Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет. 

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют