Кыргызстандагы формалдуу эмес экономика: бизнестин күтүүлөрү

Кыргызстандагы формалдуу эмес экономика: бизнестин күтүүлөрү

Азыркы Кыргызстандын бүткүл өнүгүү тарыхында өлкөнүн экономикалык дараметин ийгиликтүү иштеп жаткан ишканалардын эсебинен гана камсыз кылууга болору, ошондо республика ички “тешиктерди” бүтөө үчүн алууга мажбур болгон насыялардын оор жүгүнөн баш тарта алышы мүмкүн экендиги дайыма айтылып келет.       

Азыр эмне болуп жатат?

Өлкөнүн саясий турмушунун жогорку жигердүүлүгү азырынча экономикалык чөйрөдөгү мурдагыдай абалга алып келе элек: 2010-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында калктын жан башына ИДПнын өсүү темпи Борбордук Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болгон. Мамлекеттик чыгашалардын ИДПнын болжол менен 37%ына эквиваленттүү болгон көлөмүндө 2010-жылдан тартып 2019-жылга чейинки аралыкта мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда орто эсеп менен көбүрөөк болгон, анын натыйжасында мамлекеттик дүң карыз ИДПнын 54%ына жеткен.

Албетте, өлкөдө таптакыр акча жок деп айтууга болбойт. Алар бар, бирок алар жетишсиз, мунун себеби, башка нерселер менен катар эле каражаттардын олуттуу көлөмү көмүскөдө, формалдуу эмес экономикада болгондугунда.

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) аныктамасына ылайык  “формалдуу эместик –  бул экономикалык кырдаал, укуктук, жөнгө салуучу жана саясий система сыяктуу макроэкономикалык себептердин, ошондой эле билим берүүнүн төмөндүгү,  басмырлоо,  жакырчылык, экономикалык ресурстарга, активдерге, бизнес үчүн финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө жана рынокторго жетүүнүн жоктугу сыяктуу  бир катар микроэкономикалык себептердин кесепети”.

ЭЭУ белгилегендей,  формалдуу эмес экономиканын чоң көлөмү –  бул эмгек укуктарын коргоо жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат, ал ошол эле учурда ишканаларга жана мамлекеттик  бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет, өкмөттүн иш-аракети үчүн мейкиндикти тарытат,  институттардын ишин начарлатат жана маттандаштыктын шарттарын бузат».

 Дүйнөдө жумушчу күчтүн жарымынан көбү жана майда жана чакан бизнестин 90%дан ашыгы формалдуу эмес экономикада эмгектенишет.   

2018-жылы Кыргызстанда ЭЭУнун маалыматы боюнча  формалдуу эмес иш менен камсыз болуу деңгээли 52,5%ды түзгөн, алар ИДПнын 23,4%ын гана өндүргөн, бул формалдуу эмес ишканалардагы жумушчулардын же расмий ишканалардагы формалдуу эмес жумушчулардын эмгегинин натыйжалуулугунун төмөндүгүнөн кабар берет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматы боюнча 2019-жылы формалдуу эмес экономиканын деңгээли ИДПга карата 23,5%ды же 145 млрд сомду түзгөн, расмий эмес маалыматтар боюнча анын деңгээли ИДПга карата 50%га  жетиши мүмкүн.

Көйгөй эмнеде?

ЖИА Бизнес-Ассоциациясы “АДИЛЕТТҮҮ ЭКОНОМИКАНЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА ӨЛКӨБҮЗДҮ ЧЫНДОО: Кыргызстандагы формалдуу эмес экономика көйгөйлөрүн чечүү” басылмасында Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономика айыл жергесине жана айыл чарбасына көбүрөөк мүнөздүү экенин көрсөтүп турат. Бирок, ал шаарларда жана айыл чарбалык эмес секторлордо, анын ичинде дүң жана чекене соодада, автоунааларды, техникаларды, батирлерди оңдоо чөйрөсүндө, ошондой эле курулушта, транспортто, мейманкана жана ресторан бизнесинде да бар.

Чындыгында формалдуу эмес экономиканын болушу өзүнүн эрежелери жана түшүнүктөрү менен параллелдүү түрдө болгон системанын бар болушун  билдирет жана анын негизги көйгөйү жумушуларга карата да, мамлекетке карата да укуктарды жана милдеттерди бузуу жана сактабоо болуп саналат.

Бул эмгектин начар шарттарынан, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн жана айлык акынын туруктуу  эместигинен же аздыгынан, жумуш убактысынын нормалдуу эместигинен, салыктарды төлөөдөн качуудан билинет. Формалдуу эмес экономиканын болушу инвестициялардын аз агымынын жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишканаларды түзүүнүн себептеринин бири болушу мүмкүн, бул өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүү жана туруктуулук үчүн абдан зарыл.

ЖИА Бизнес -Ассоциациясы жүргүзгөн изилдөөлөрдөгү  маалыматтарга ылайык Кыргызстандагы формалдуу эмес экономика көйгөйү “каражаттын жетишсиздигинен улам формалдуу эмес чөйрөдө иштеп, жашап кетүүнүн босогосунда турган ишканалардан келип чыкпайт”. Көйгөй “жашап кетүүсүнө коркунуч туудурбаган, бирок  жөнү жок атаандаштык артыкчылыгына ээ болуу үчүн формалдуу эмес мамилелерди оппортунисттик түрдө колдонгон” ишканалардан келип чыгат.

2015-жылдын июнь айында ЭЭУ тарабынан формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндөгү 204-сунуш кабыл алынган. ЖИА алардын көз караштары менен макул болгон эл аралык эксперттер муну саясаттын кеңири спектрин бириктирген жана ишке ашырууга бир катар мамлекеттик жана коомдук институттарды тартуучу комплекстүү стратегиянын эсебинен ишке ашырууга болот деп эсептешет.

Бизнесмендер кыянаттыктарга бөгөт коюу жолу менен гана формалдуулукка өтүү мүмкүн эместигин, бул үчүн «мыйзамды сактаган ишканаларга жагымдуураак абалда боло турган чөйрөнү түзүп берүү да зарыл» деп белгилешет. Сунуштун толук тексти:https://www.ilo.org/wcmsp5/groups/public/—ed_norm/—normes/documents/normativeinstrument/wcms_386779.pdf

Кандайча чечүү керек?

Буга байланыштуу ЖИА бир катар факторлорду келтирет, алардын болушу Кыргызстанда ишканаларды формалдаштырууга өтүүгө мүмкүндүк берет.

Социалдык төгүмдөр боюнча жеӊилдиктерди белгилөө (эмгек акы фондусунан алынуучу салыктар): формалдаштыруудагы биринчи кадам стандарттык ставканы кескин киргизүү эмес, кыйла төмөнкү салыкты белгилөө болууга тийиш. Мисал катары ЖИА тигүү жана текстиль ишканалары үчүн алардын санына жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жеңилдетилген тарифтерин белгилөөнү келтирет (КРнын 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамы). Ассоциациянын маалыматы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жеңилдетилген ставкасын киргизилгенден кийин 2 жылдын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы дээрлик  өскөн, бул формализацияга карата кадамдын пайдалуу болгондугун билдирет.

Киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн бирдиктүү базаны аныктоо, салыктык жана социалдык милдеттенмелерди жөнөкөйлөштүрүү.   

  • Төлөөчүгө Пенсиялык фонддун (мамлекеттик пенсиялык фонддун же лицензияланган мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун) топтолуучу бөлүгүнүн операторун (башкаруучусун) өз алдынча тандоо укугун берүү менен Пенсиялык фонддун топтолуучу бөлүгүн башкарууну кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Чакан ишканаларды насыялоону кеңейтүү: формалдуу микро-ишканалар насыя тарыхы жок болсо дагы кичине өлчөмдөгү насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул өндүрүштү өнүктүрүү жана инвестициялоо үчүн маанилүү.

  • Насыя тарыхын түзүү.
  • Эгерде ишкана биринчи насыянын шарттарын аткарган болсо, анда ал көбүрөөк суммага насыя алууга укуктуу болушу керек.  
  • Кепилдик фонддор институтун өнүктүрүү. Мындай фонд каражатты насыяга бербейт, бирок белгилүү бир шарттарда гана насыянын шарттарын бузуудан жана тиешелүү жоготуулардан кепилдик берет.    

Сот системасын өркүндөтүү: ЖИА салык төлөөдөн жана социалдык төгүмдөрдү төлөөдөн качуу жана салыктарды оптималдаштыруу менен олуттуу күрөшүү үчүн ишенимге ээ болгон сот системасы керек деп эсептейт. Сот органдарынын көңүл чордонунда мамлекеттин формалдуу эмес экономика менен күрөшүүнү көрсөтүү үчүн эле ишкер катары каттоосу жок болгон үчүн куугунтуктоо эмес, каржы чөйрөсүндө оор кылмыш жасагандар болушу керек.

  • Ишкердин кызыкчылыктарын коргоо максатында инспекциялардын ишин текшерген көзөмөлдөөчү органдардын коомдук кеңештеринин курамына бизнес өкүлдөрүн киргизүү керек. Бул коррупциянын алдын-алууга жардам берет.

Салыктык отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрүү: бизнеске квартал сайын салыктарды жана төгүмдөрдү төлөө жана ишкерге отчетторду өз ишин баштаган учурдан тартып тапшыруу укугун берүү.

ЖИАнын Кыргыз Республикасында формалдуу экономикага өтүү боюнча сунуштары:

• Социалдык төгүмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө (эмгек акы фондусунан салыктар)

• Чакан бизнести насыялоону кеңейтүү

• Сот системасын өркүндөтүү

• Салыктык отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрүү

Эмнеден баштоо керек?

ЖИА Бизнес-Ассоциациясы өз изилдөөсүндө бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде иштеген ак ниет бизнесмендер формалдуу эмес экономикада иштегендерге караганда атаандаштыкка туруштук бере албай турган парадоксалдуу кырдаал түзүлүп жатканын жана бул жарандардын да, мамлекеттин дагы кызыкчылыктарына да карама-каршы келерин белгилейт. Бизнесмендер “мыйзам бузуу пайдалуу болуп калды, ал эми мыйзамга баш ийүүчү жүрүм-турум алсыздыкка жана кирешелүүлүктүн төмөн болушуна алып келет” деп констатациялашат.

ЖИА өз кесиптештерин «ишканаларга гана эмес, жумушчуларга, мамлекеттик бюджетке жана экономикалык ынтымакка да (…) зыян келтирген мындай абалга каршы күрөшүп, укукка каршы аракеттердин чыгымдарын көбөйтүп, мыйзамга баш ийген жүрүм-турумдун жагымдуулугун жана балуулугун арттыруучу шарттарды түзүүгө” чакырат.

Ассоциация төмөнкүдөй эки негизги кадам менен баштоону сунуштайт:

  • өндүрүш сектору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана киреше салыгынын жеңилдетилген ставкаларын андан ары этап-этабы менен жайынан жогорулатуу менен белгилөө;
  • бизнести насыялоого колдоо көрсөтүү.
  • Эми мамлекеттен кадам күтүлөт: же бизнестин жүйөлөрүн угуп, формалдуу экономикага өтүү жолуна кадам таштоо, же тарых көрсөткөндөй кырдаалды оңдой албай турган жарым-жартылай чараларды көрүү. Ал эми бүгүнкү күндө шашылыш жана мүмкүн болушунча натыйжалуу чечимдер керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют