Комитетте Министрлер кабинети парламентке сунуштабай кабыл алган токтом талкууга түштү

Комитетте Министрлер кабинети парламентке сунуштабай кабыл алган токтом талкууга түштү

Бүгүн, 14-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында парламентке сунушталбай туруп, кабыл алынган №309-токтом боюнча талкуу болду.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309-токтому талкууга түштү.

Комитеттин мүчөсү Алишер Эрбаев токтом Жогорку Кеңештен өтпөгөндүгүн, бул баш мыйзамга каршы келип жатканын айтты.

«Баш мыйзамдын 86-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу, чыгымдары, көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Миннистрлер кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат деп мыйзамда жазылып турат. Бул токтом ЖКдан өткөн эмес», – деди ал.

Айыл чарба министрлигинин айтымында, ар бир мамлекеттик органдын өзүнүн компетенциясы бар жана Министрлер кабинети баш мыйзамга карабастан жерди тескөөгө байланышкан токтомдорду кабыл ала алат.

Ал эми Алишер Эрбаев ансыз деле жер кодексинде баары толук берилгенин, ал токтомду кабыл алып кереги жоктугун билдирди.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Студенттердин курстук иштери стартапга айланса өкмөт мугалимдерди 500 долларлык сыйлык менен стимулдаштырууга даяр 7 декабрда 2022 г.    17:40
Жыл башынан бери салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 15.8 млрд сом эсептен чыгарылды 7 декабрда 2022 г.    17:15
Кыргыз-тажик чек арасынын 17.6 км сызыгынын өтүү долбоору даярдалды 7 декабрда 2022 г.    16:45
Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 20 млн сомдук кредиттер жоюлду – Улуттук банк 7 декабрда 2022 г.    16:15
Азия өнүктүрүү банкынан алынуучу $50 млн насыянын баарына Казакстан менен Түркмөнстандын электр энергиясы сатып алынат 7 декабрда 2022 г.    15:45
«Манас» аэропортуна инвестиция жана тез арада учуу тилкесин реконструкциялоо керек – Бекешев 7 декабрда 2022 г.    15:28
«Франшизалар форуму-2022» Кыргызстандагы эң ири форуму болуп 1500ден ашык катышуучуну чогултту 7 декабрда 2022 г.    14:45
«Текстиль Транс» Токмоктогу пахтаны кайра иштетүүчү заводду курууга 100 млн сом тартты 7 декабрда 2022 г.    14:15
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют