Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү уланууда. Январда (2021-жылдын декабрына салыштырмалуу) алардын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 3.6%га жогорулаган. Бишкекте товарлардын бул түрлөрү 5.6%га кымбаттады.
Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын өсүшү 0.9%ды, калк үчүн тарифтер 0.5%ды, азык-түлүк эмес товарларга 0.4%ды түздү.
Өткөн жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн.
Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.
2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.
Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.