Эксперт: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок

Эксперт: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок

Президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон иш сапарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу багытында Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок. Буга Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептерден болду. Мындай оюн кыргыз-кытай мамилесине көз салып келе жаткан илимпоз, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясынын изилдөөчүсү Нива Яу «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Нива Яу өзүнүн маегинде бул долбоор тууралуу дээрлик 20 жылдан бери сөз болуп келе жатканын, өткөн жылы Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги курулуш иштерине көмөктөшүү үчүн каржылык жардам көрсөтө аларын билдиргенин, ошондой эле чек аранын эки тарабында тең – Өзбекстанда да, Кытайда да – поезддер жана темир жолдор дээрлик даяр болуп калганын, бир гана Кыргызстандын аймагында гана инфраструктура жок экендигин айтат.

«Жапаровдун Пекинге сапарынын алдында Кытай тарапка конкреттүү сунуштарды берүү үчүн бир топ иштер жасалган. Андыктан мен Кытай бул сунуштарды эске алат жана кандайдыр бир документтерге кол коюлат деп күтүп жаткам. Бирок бул багытта бир дагы документке кол коюлган жок.

Менимче, Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептердин бири. Кеп акча жөнүндө эле эмес, «Саясий жетекчилик мындай ири инфраструктуралык долбоорго жагымдуу шарт түзүп бере алабы?» деген суроодо», – деген эксперт, Твиттердеги өзүнүн баракчасында «кыргыз тарап бул долбоорго байланыштуу Кытайдын убадасын ала албады» деп жазган.

Анын айтымында, Кытай Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн абалына тынчсызданып жатат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталаары тууралуу айткан эле.

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандан Кытайга соя экспорттоо боюнча протокол, маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды 28 ноябрда 2022 г.    10:50
Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат – Садыр Жапаров 28 ноябрда 2022 г.    9:52
“Сосновка” постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды 28 ноябрда 2022 г.    9:34
«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү 25 ноябрда 2022 г.    17:58
Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды 25 ноябрда 2022 г.    17:14
Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү 25 ноябрда 2022 г.    16:36
Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз 25 ноябрда 2022 г.    15:58
Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти 25 ноябрда 2022 г.    14:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют