Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү. Кечээ, 3-февралда ооруканага жаңы жетекчи болуп Осмонали Масалиев дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек шаарына 2016-жылы курула баштаган. 2017-жылы пайдаланууга берүү пландалып, бирок ачылган эмес. 2019-жылы Жогорку Кеңеш оорукананы ачуу жана биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзамга кол коюп берген. Анда Кыргызстан менен Түркия оорукананы үч жыл бирге башкарып, кийин Кыргызстанга өткөрүп бермей болгон.

Алгач ооруканада жалпы 300 киши иштей турганы, анын 30у Түркиядан келип-кетип иштээри айтылган.

Жаңы жетекчилик кызматка дайындалган Масалиев КММАда, Түркиядагы Хожатепе университетинин медициналык факультетинде окуган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Ахунбаев атындагы медициналык академияда эмгектенип келген.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют