2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттеринин кирешеси 81%га өсүп, 2 млрд 117 млн сомго жетти (азыркы курс боюнча дээрлик 25 млн доллар). Анын ичинде ІV кварталдын жыйынтыгы боюнча киреше 759 млн сомду түзгөн (өсүү 2.2 эсе). Мындай маалыматты парктын директору Чубак Темиров билдирди.
Өткөн жылы ЖТПда 97 резидент компания иштеген. Бул компаниялардын кызматкерлеринин орточо саны 1055 адамды түзөт (2020-жылга карата +52%). Бирок ІV кварталда кызматкерлердин орточо саны 1306 адамга жеткен.
2021-жылы ЖТП компаниялардын эмгек акы фонду 68%га өсүп, 771 млн сомду түзгөн. Өзүнчө патент менен иштеген кызматкерлердин төлөмдөрү 213 млн сомго жеткен (3.3 эсеге өскөн).
Мамлекеттик бюджетке жана Соцфондго чегерүү жана төлөмдөр дээрлик 62 млн сомду түзүп, анын ичинде киреше салыгы 37.6 млн сом (+74%), социалдык чегерүү (+41%) 24 млн сомго жеткен.
ЖТПнын негизги киреше булагы АКШ, Россия, Казакстан жана Кипр сыяктуу чет мамлекеттик кардарлар болгон.