ОКӨФ тооктун жумурткасын өндүрүү боюнча долбоорго 1 млн доллар бөлөт

ОКӨФ тооктун жумурткасын өндүрүү боюнча долбоорго 1 млн доллар бөлөт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында «ЭлДан Аталык» Агроөнөр жай комплекси ЖЧКсы тарабынан 1 млн доллардан ашык суммага инвестициялык насыя жактырылганын фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Каражат дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн жумуртка өндүрүү үчүн жогорку технологиялык жабдууларды сатып алууга жумшалат, бул жылына 45 млн даана жумуртка өндүрүүнү камсыз кылат. Ошондой эле Кыргызстандын тоок жумурткасына болгон импорттук көз карандылыгын 10%га азайтып, азык-түлүк коопсуздугун чыңдайт.

Белгилей кетсек, учурда КР тоок жумурткасын өз алдынча өндүрүү менен рыноктун суроо-талабынын 54%ын камсыздайт.

Долбоор ОКӨФ тарабынан ишке ашырылып жаткан кластердик программанын бир бөлүгү болуп саналат жана КРнын канаттуулар кластерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери