Кыргызстанга Өзбекстандын бизнесмендеринин делегациясы келет – компаниялардын тизмеси

Кыргызстанга Өзбекстандын бизнесмендеринин делегациясы келет – компаниялардын тизмеси

Кыргызстанга Өзбекстандан ишкерлерден турган делегация келет. Кыргызстан ишкерлер биримдигинин чакыруусу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты орнотуу максатында бизнес-тур өткөрүлөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар, ошондуктан өзбек ишкерлеринин иш сапарынын негизги максаты – кыргызстандык компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып, өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат.

Бизнес-турдун алкагында В2В форматындагы жолугушуулар жана завод-фабрикаларга иш сапарларды уюштуруу пландаштырылууда. Өзбекстандын бизнес делегациясынын курамында тамак-аш, айыл чарба, курулуш жана текстиль тармагында иш алып барган ишкерлер болот.

Эки өлкөнүн ишкерлери менен жолугушууга кыргыз жана өзбек компаниялары менен кызматташууга кызыкдар россиялык дистрибьюторлор жана дүң сатуучулар да чакырылары күтүлүүдө.

Өзбекстандык компаниялардын тизмеси:

  • «Elektron baxolash» – программалык камсыздоо
  • «Optima best plast» – пластикалык буюмдар (конус, шлагбаум, таштанды челек, балдар аянтчалары, пластик мыктар)
  • «Business and arbitration» – фольгаизол жана полизол (курулуш материалдары), КМС реагенттери (бургулоо газы), жеңил өнөр жай (пахтаны кайра иштетүү)
  • «Fruit vegetable grape claster» – айыл чарба азыктары
  • «Maskani kujon» – текстиль өнөр-жайы
  • «Arzoni bizda» – айыл-чарба азыктары
  • «Olis osmon» – сайыл-чарба азыктары
  • «Limonzor classic» – айыл-чарба азыктары
  • «Best Butter Production» – маргарин азыктары
  • «Fiberglass Composite» – айнек иштетүү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери