IT HUB Osh – түштүк борбордогу жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору болот

IT HUB Osh – түштүк борбордогу жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору болот

Азыркы учурда жаштарды заман талабына ылайык окутуп-үйрөтүү зарылчылыгы күндөн-күнгө өсүүдө. Ошол максатта Ош шаарында жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору – IT-хаб ачылды. Бул аянтчада жаштарды креативдүү санариптик кесиптерге үйрөтөт.

IT HUB Osh – республиканын түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик борбор болуп калды.

Анда:

  • Art Studio
  • Чоң/кичинекей конференц-зал
  • Бирге иштөө зонасы
  • Инноваторлор үчүн ашкана/кофе дүкөнү
  • IT академиясы жайгашкан.

Ишеналы Раззаков атындагы КМТУнун Маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Гүлнара Кабаева бул долбоор Кыргызстанга абдан керек экендигин баса белгилеп, долбоордун негизинде ОшТУда окуу программасын жаңылоо иши жүрүп жаткандыгын, окуу жайдын студенттери жогорку деңгээлдеги адистер болуп чыгаары тууралуу ойлорун билдирди.

ПРООНдун байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахманова ПРООН IT тармагында жумуш ордун түзүүчү долбоорлорду гана колдобостон, бүткүл кыргызстандыктарды инновациялык технологияларга бирдей мүмкүндүк алууга жардам берээрин, ал эми Ош шаарындагы жаш ишкерлер үчүн креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова хаб түштүк борбордо IT чөйрөсүн алга жылдырууда флагман болуп калышы мүмкүн экендигин айтты. Ошондой эле менеджер ылдамдыгы секундасына 100 мегабит болгон туруктуу кең тилкелүү интернет байланыш бар экендигин жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу жолго коюлгандыгын белгиледи. Ошондой эле Абылкасымова бул аянтчага санариптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүнү каалагандар гана келбестен, келечектүү кесипти үйрөнүүгө ынтызарланган балдар да келип жаткандыгын айтып берди.

ПРООНдун (БУУӨП) КРгы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен өз сөзүндө чакан жана орто ишканалар жаңы жумуш орундарынын жаштар үчүн маанилүү булагы жана ал дүйнө жүзү боюнча бардык ишканалардын 90%дан ашыгын түзө тургандыгын жана көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн 70%га чейин жумуш менен камсыз кылып, жакырчылыктан чыгуунун жолун камсыздай тургандыгын айтты.

Креативдик IT-хаб жөн гана иштей турган жер эмес, адамдар чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк ала турган, башкалар менен кызматташа ала турган аянтча экендигин IT-хабдын негиздөөчүсү Данияр Аманалиев да түшүндүрдү.

IT HUB Osh – өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору болуп калды жана жаштарды креативдүү экономикага жакшыраак даярдоо үчүн формалдуу билим берүү системасын бекемдөөгө жана санариптик көндүмдөр чөйрөсүндө жаңы билим берүү стандарттарын колдонууга басым жасайт дешет анын негиздөөчүлөрү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады — андан дагы 112.6 тонна алтын алынат 27 января 2023 г.    12:28
1.7 млрд долларлык 84 документке кол коюлду — Экономика министрлиги Кыргыз-Өзбек бизнес форумун жыйынтыгын айтты 27 января 2023 г.    11:20
Ош аэропортунан «Достук» өткөрүү бекетине Go Bus каттамы ачылат – Туризмди өнүктүрүү фонду 27 января 2023 г.    10:29
Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот 27 января 2023 г.    9:49
Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон — ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды 27 января 2023 г.    9:32
КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди 27 января 2023 г.    9:19
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери