«Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 4 млрд 20 млн сом төлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Талас облусундагы Жерүй кенине болгон иш сапарында белгилүү болду.
Иш сапардын жүрүшүндө «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов Министрлер кабинетинин башчысын алтын иштеткен фабриканын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк калдыктарды сактоочу жайдын абалы менен тааныштырды.
10-январга карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 4 млрд 20 млн сом төлөгөн. Жергиликтүү инфраструктураны күтүүгө жана өнүктүрүүгө 209.6 млн сом которгон.
«Ишканада 1367 жумушчу орун түзүлдү. Кызматкерлердин 97% Кыргызстандын жарандары (анын ичинен 70% Талас облусунун тургундары). Биз эл аралык стандарттарга ылайык иштейбиз жана экологиялык эрежелерди так сактайбыз. Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашыруудабыз», – деди Сабир Рахматов.
Мындан тышкары, «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилиги Талас облусуна мультипликативдик таасир бере турган масштабдуу стратегиялык социалдык-экономикалык долбоорлору тууралуу билдирүү жасады. Акылбек Жапаров «Альянс Алтынтын» ишине жакшы баа берди.