Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов бүгүн, 31-январда өткөн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Дүйнөлүк банк бул тармакка бөлгөн 135 млн доллар кайда сарпталганына так жооп бере алган жок.
Депутат Султанбай Айжигитов агрардык секторду өнүктүрүү багытында Бүткүл дүйнөлүк банктан берилген 135 млн доллар тууралуу маселени көтөрүп чыкты.
«Менин билишимче, Дүйнөлүк банк былтыры 135 млн доллар айыл чарбанын өнүгүүсүнө берген. Ошол тууралуу маалымат эч жерде жок. Каякта жатат ал акча, кайсы шартта келген? Сиз министрдин орунбасары болуп туруп ошону билбегениңиз кандай? Бул маанилүү маселе. Сиз билбесеңиз, ким билет?», – деди депутат.
Шерипов ал жерде орун басарлар ар кайсы багытта бөлүнгөнүн, ал жер саясатына жооп берээрин айтты.
«Каржы маселесин мен сизге толук маалыматты тактап туруп, кагаз жүзүндө жооп берейин», – деди министрдин орун басары.
Депутат эгер министрдин орун басары билбесе, башка суроосу жок экенин айтты. Муну менен катар Айжигитов сунушталып жаткан мыйзам долбоору бир катар укуктук-ченемдик актыларга, анын ичинен Баш мыйзамга да каршы келээрин белгилеп, долбоордогу биринчи жана экинчи беренелерди алып салууну сунуштады. Ошондой эле Министрлер кабинетинин №309 токтомун карап чыгуу керектигин билдирди.
«Мыйзам долбоору стратегиялык жана узак мөөнөттүү жер саясатын бузат» деген Султанбай Айжигитов министрликтин өкүлүн демилгени кайрадан чакыртып алууга үндөдү.
Эскерте кетсек, комитет жыйында «КРнын айрым мыйзам актыларына (КРнын Жер кодексине, «Жайыттар жѳнүндөгү» мыйзамына ) ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда карады.