Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 кВт/с электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
«Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү.
Ошондой эле Министрлер кабинети 2021-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары боюнча энергетика тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөр жана долбоорло тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:
- Кыска убакыттын ичинде «Муз-Төр» чек ара заставасын электр менен камсыздоо», «Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталды, алардын ишке ашырылышы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап, Баткен облусунун электр менен камсыздоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.
- Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВ электр линиясынын курулушу башталды.
- Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү жүрүүдө, анын алкагында №4 гидроагрегаттын жабдуусун монтаждоо иштери жүрүп жатат.
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
- Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү ишин жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында 2021-жылдын 30-сентябрында 2021-2025-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген.