Өткөн шайлоолорго кыргызcтандыктар ишенеби? «Жалпы иш» коомдук фонду уникалдуу изилдөө жүргүздү

Өткөн шайлоолорго кыргызcтандыктар ишенеби? «Жалпы иш» коомдук фонду уникалдуу изилдөө жүргүздү

Бул социологиялык изилдөөнүн алкагында “Жалпы иш” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата кандай пикирде экени жана айрым шайлоо процесстерине канчалык ишенери тууралуу пикирин чогултту. Бул изилдөө өткөн өнөктүктү жарандардын көзү менен кароого мүмкүндүк берет.

Сурамжылоодо 18 жаштан өйдө 1202 адам катышты. Изилдөө 2021-жылдын 13-декабрынан 24-декабрына чейин жүргүзүлгөн.

Шайлоого ишеним индексин эсептөө үчүн Фонд -1ден +1ге чейинки шкаланы колдонгон. Индекс -1ге канчалык жакын болсо, ишеним ошончолук төмөн болот. Демек, индекс +1ге канчалык жакын болсо, ишеним ошончолук жогору болот. Сурамжылоонун маалыматтары эки маанилүү суроого жооп берет:

  • Эмне себептен 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын саны аз болду?
  • Шайлоочулар шайлоо процессинин ар кандай аспектилерин жана шайлоо системасына болгон ишенимин кандай баалайт?

Элдин шайлоо процесстерине ишеним индексин өлчөө үчүн Фонд таза, ачык жана эркин шайлоо өткөрүү үчүн ЕККУ/ДИАУБ стандарттарына негизделген 18 критерийди иштеп чыккан.

Ар бир респондентке аларды баалоо сунушталды. Ар бир индекске жекече балл берилди, ага ылайык Индекс жүргүзүлдү.

  • Толугу менен ишенем (1 балл)
  • Көбүнчө ишенем (0.5 балл)
  • Көбүнчө ишенбейм (-0.5 балл)
  • Таптакыр ишенбейм (-1 балл)

Алынган жыйынтыктардын негизинде калктын шайлоо системасына ишениминин жалпы индекси 0.44 баллды түзгөнүн көрүүгө болот. Бул кыргыз элинин шайлоо системасына ишеними орточо деңгээлде экенин билдирет.

Жалпысынан респонденттер ишенбөөчүлүккө караганда шайлоо системасына көбүрөөк ишенет. Бирок белгилей кетчү нерсе, калк бир дагы критерийге толугу менен ишене албайт.

Эң жогорку ишеним №8, 10 жана 11-критерийлерде шайлоочуларга, байкоочуларга жана агитаторлорго коркутуу, кысым көрсөтүүнүн жоктугуна байланыштуу болгон.

Эң көп ишенбөөчүлүк -0.14 индекси менен талапкерлердин шайлоо фонддорунун кирешелерине жана чыгашаларына көрсөтүлгөн.

БШКнын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине 3.6 миллионго жакын добуш берүүгө укугу бар шайлоочу киргизилген. Сурамжылоонун жыйынтыгы шайлоодо добуш берүүгө укугу бар респонденттердин ишениминин салыштырмалуу төмөн деңгээлин көрсөттү, 0.26 балл. Белгилей кетсек, Баткен облусунун жарандарынын арасында ишеним деңгээли иш жүзүндө нөлгө жакын (0.06 балл), демек, калк бул шайлоо процессине ишенер-ишенбестигин чече албайт. Талас облусунун жарандарынын ишеним индекси да бир топ төмөн болуп, 0.18 баллды түздү. 

Респонденттер парламенттик шайлоого аз катышканын эмне менен түшүндүрүштү? 

Алардын пикири боюнча, парламенттик шайлоого шайлоочулардын аз катышуусун калктын шайлоонун таза өтүшүнө ишенбөөсү (респонденттердин 39.8%) жана татыктуу талапкерлердин жоктугуна ишенүүсү (респонденттердин 7.6%) менен түшүндүрсө болот. Белгилей кетсек, респонденттердин 31.6% жооп берүүдөн кыйналган же кантип жооп берүүнү билбейт экендигин айтышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоочулардын эркин чагылдырабы? Сурамжылоого ылайык, Бишкек ш. жана Чүй облусунун респонденттери бул шайлоо процессине салыштырмалуу аз ишеним көрсөтүшөт. Ош облусунун жарандары толук ишеним көрсөтүштү. Эң ишенбегендер 18 жаштан 29 жашка чейинки жаштар болду. Бирок 60 жаштан жогорку курактагы респонденттер чоң ишеним көрсөтүшкөн.

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун кирешелеринин жана чыгымдарынын ачыктыгынын жетишсиздиги сурамжыланган жарандардын ишениминин кыйла төмөн деңгээлинен байкалат (-0.14 балл). Тактап айтканда, Бишкек шаарынын тургундарынын арасында ишенбөөчүлүк байкалууда (-0.47).

Бүткүл шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга (0.71), талапкерлерге  (0.70), үгүтчүлөргө (0.69) жана байкоочуларга (0.72) ачык коркутуулар жана кысымдар байкалган жок. Буга байланыштуу сурамжыланган респонденттер бул шайлоо аспекттерине чоң ишеним көрсөтүштү.

Изилдөөнүн жыйынтыктарын бардык региондор боюнча салыштырып көрсөк, Бишкек шаарында жашаган сурамжылоого катышкан жарандардын арасында шайлоолорго ишеним деңгээли боюнча башка аймактардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу байкаларлык төмөн баллдар бар экенин белгилей кетүү керек. Эң жогорку упайлар Ош облусунун респонденттеринин арасында катталган.

Шайлоо күнү тынч жана жайбаракат өттү. Респонденттердин айтымында, шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу жалпысынан сакталган. Жалпысынан өлкө боюнча добуш берүү күнү ачык-айкын жана бурмалоосуз өттү. Ишенимдин эң жогорку деңгээли Ош жана Жалал-Абад облустарынын респонденттеринин арасында байкалган. Бирок Бишкек шаарынын респонденттери добуш берүү күнү ачык-айкын жана бурмалоосуз өткөнүнө эң аз ишенишет. 

Шайлоочулардын ишеним индексинин максаты – ар бир шайлоодон кийин шайлоо процессине болгон элдин ишениминин шайлоодон шайлоого азайып же көбөйөрүн билүү үчүн жыйынтыктарга баа берүү.

Изилдөө тууралуу көбүрөөк маалыматты төмөнкү шилтемелер боюнча биздин веб-сайтыбыздан тапса болот:

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыргызстандыктар үчүн АКШнын туристтик визасы 5 жылдан 10 жылга чейин узартылышы мүмкүн 6 декабрда 2022 г.    17:50
Кеминде спорт комлексти куруунун ордуна ишкер 7.4 млн сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланган – Башкы прокуратура 6 декабрда 2022 г.    17:20
Баткенде дээрлик 6 тоннаны түзгөн контрабандалык күрүч кармалды 6 декабрда 2022 г.    16:50
Суу чарба объектилерин оңдоого 956 млн сом сарпталды 6 декабрда 2022 г.    16:20
Улуттук банк оффшордук аймактарга Кюрасаону киргизди 6 декабрда 2022 г.    15:50
2023-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 27.2 млрд сомду түзөт 6 декабрда 2022 г.    15:18
«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачат 6 декабрда 2022 г.    14:00
Кыргызстанда микрокредиттерди накталай эмес формада берүүгө мүмкүнчүлүк берилет 6 декабрда 2022 г.    13:30
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют