УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатканын Облустук администрациянын басма сөз кызматы 28-январда саат 09:46да маалымдады.
Маалыматтарга таянсак, Баткен менен Согд облусунун жетекчилери 28-январда эки өлкөнүн чек арасындагы Достук айылында жолугушат.
УКМКнын маалымат кызматы, 28-январдын эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абал туруктуу деп кабарлаган.
Эскерте кетсек, 27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.
Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен – Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.
Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен менен Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган.
Алар:
- ок атууну токтотуу
- эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү
- Баткен – Исфана автожол каттамын ачуу
- чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды. Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 11 адам жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.