Министрлер кабинети кичи жана орто бизнес субъектилерин колдоо, ошондой эле кредиттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКтарын кошумча капиталдаштырууга 4 млрд сом сарптады.
Бул «Айыл банк» ААКтын уставдык капиталын – 5.5 млрд сомго жана «РСК банктын» уставдык капиталын 5.4 млрд сомго чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берди.
Буга катар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ААК тарабынан 31 млрд сомдон ашык суммага 88 миңге жакын насыя берилип, анын 72%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого жумшалган.
Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасынын алкагында 6 млрд сомдон ашуун суммага 10 387 насыя берилгенин кошумчалады.
2021-жылдын 31-декабрына карата Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тараптан ишкердик демилгелерди колдоо максатында 44.5 млн доллар суммасындагы 308 долбоор каржыланган.