Бүгүн, 28-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишкен:
1. Биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну
2. Чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну
3. Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарылышын
4. Бардык тосулган жолдорду, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну
5. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу жана жер жаңжалдарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чек ара аймагында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууну.
КРнын делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик тараптан Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары жана Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери келишкенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.