Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) «Керемет Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өткөнүн кабарлады.
Жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп Бакыт Жумашев жана Рысбек Жумаканов дайындалды. Жолугушуу 2022-жылдын 21-январында болуп өткөн.
Эске салсак, жакында эле Улуттук банк «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алган болчу.
Ага ылайык:
Улуттук банк тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/ көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Давлесов Айбек Насыровичтин, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Карпович Станислав Евгеньевичтин жана банктын төрагасы кызмат ордуна Мамытова Кастору Касымбековнанын талапкерлиги жактырылган.