Чек ара урушунда жаракат алган 11 адамдын абалы орточо оор

Чек ара урушунда жаракат алган 11 адамдын абалы орточо оор

Бүгүн, 28-январь күнү саат 07:00дө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головная тилкелериндеги жаңжалдан 11 адам жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Баткен облустук ооруканасына ар кандай жаракаттар менен 11 адам жаткырылган жана маалыматтарга таянсак, алардын баары аскер кызматкерлери.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду тосууга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, тажик тарап чек ара аймагындагы курулуш иштерин эскертүүсүз баштаган. Эскертүүлөргө карабай, алар ишти улантып, жергиликтүү тургундар жолду тосушкан. Бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин жол ачылып, өтмөк кайрадан жанданган эле. Бирок 7-10 мүнөттөн кийин атышуу кайра башталган.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 03:10до маалымдалды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери